Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

ИИМ Терек-Сайдын тургундарынын бөгөт чарасы боюнча сотко кайрылат


Терек-Сайдагы кен чыккан жер.
Терек-Сайдагы кен чыккан жер.

Ички иштер министрлиги Чаткалдын Терек-Сай айылынын камактагы тургундарын үй камагына чыгарыш үчүн сотко кепилдик берет. Бул тууралуу министр Кашкар Жунушалиев 17-декабрда Жалал-Абадда кармалгандардын жакындары менен жолугушкандан кийин билдирди.

- Ата-энелери балдары катачылык кетиргенин моюнга алып, кечирим сурап, ырайым кылууну өтүнүштү, - деди министр. - Камактагы балдарды үй камагына чыгарып берүүнү суранышты. Алардын өтүнүчү мыйзам чегинде каралат, бирок биз да сотко балдардын бөгөт чарасын жасаган кылмыш аракетине жараша өзгөртүп берүү боюнча кепилдик берип, сотко кайрылабыз.

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда Терек-Сайдагы алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.

4-декабрда Жалал-Абад облустук соту алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Нааразылыктардан улам 5-декабрда алтын кен иштеткен "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасы Чаткал районундагы ишин убактылуу токтоткон. (RsK)

XS
SM
MD
LG