Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Терек-Сайда кармалгандардын он үчү үй камагына бошотулду


Чаткалдагы нааразылык, 2-декабрь.
Чаткалдагы нааразылык, 2-декабрь.

Чаткалдын Терек-Сай айылында “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган 13 тургун 17-декабрда Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук соттун өкүлдөрү билдиришти.

Терек-Сайдын 15 жашоочусу “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен 2-декабрда камалган. Алар өткөн айда Терек-Сайдагы алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.

4-декабрда Жалал-Абад облустук соту алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Нааразылыктардан улам 5-декабрда алтын кен иштеткен "Эти Бакыр Терек-Сай" ишканасы Чаткал районундагы ишин убактылуу токтоткон.

Кармалгандардын жактоочуларынын облустук сотко даттануусунун негизинде 17-декабрда кечинде облустук сот он үч тургундун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Калгандары боюнча соттук кароо баштала элек.

Ички иштер министрлиги Чаткалдын Терек-Сай айылынын камактагы тургундарын үй камагына чыгарыш үчүн сотко кепилдик берерин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 17-декабрда Жалал-Абадда алардын жакындары менен жолугушкандан кийин билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG