Кыргызстандын мамлекеттик гимни кабыл алынганына 26 жыл толду. Өлкөнүн башкы символдук ураан ыры 1992-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген.
Cөзү - Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдики, музыкасы - Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык.
Алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаш жараткан сөздөрдөн улам аны алып салууну чечкен. Бул өзгөртүүгө нааразы болгондор да бар. (SE)
Кыргыз Республикасынын гимни
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.
Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.