Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:19

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Ошко келди


Абдулла Ариповду өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев тосуп алды.
Абдулла Ариповду өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев тосуп алды.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйынына катышуу үчүн Ош шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Кеңештин экинчи жыйыннда эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланганы турат.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирди. Ага чек арадагы аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери да кошулду. (ErN)

XS
SM
MD
LG