Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Жыл башынан бери 80дей журналист өлтүрүлгөн


"Чек арасыз кабарчылар" укук коргоо уюмунун баяндамасы. Париж. 25-апрель, 2018-жыл.
"Чек арасыз кабарчылар" укук коргоо уюмунун баяндамасы. Париж. 25-апрель, 2018-жыл.

2018-жылдын башынан бери дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнөн улам сексендей журналист киши колдуу болгон. Алардын тизмесин шейшембиде "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык укук коргоо уюму жарыялады. Журналисттердин көбү Ооганстанда, Сирияда, Мексикада, Йеменде жана Индияда өлтүрүлгөнү аныкталды.

Андан тышкары, баяндамада ушу тапта дүйнөдө 348 журналист камакта экени белгиленет.

Быйыл "Time" журналынын версиясы боюнча "Жыл адамы" деп журналистер тобу аталды. Басылма "Коргоочулар" деп атаган топко Түркиядагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжи (Хашогги), Мьянмада камалган журналисттер Ва Лон менен Кья Сон, Филиппинде бийлик куугунтугуна кабылган “Рапплер” сайтынын негиздөөчүсү Мария Ресса жана быйыл редакциясына кол салуу болуп, беш журналисти өлтүрүлгөн Америкадагы "Capital Gazette" кабарчылары кирген.

"Time" белгилегендей, журналисттер “өз өмүрүн тобокелге салып чындыкты издеген, эр жүрөк билдирүүлөрү үчүн” ушул наамга татышты.

XS
SM
MD
LG