Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Кыргызстанга киргизилбеген Крис Риклтон коомчулукка кайрылды


Крис Риклтон.
Крис Риклтон.

Кыргызстандан бир жыл мурда депортацияланган “France Presse” агенттигинин кабарчысы Крис Риклтон кыргыз коомчулугуна кайрылды. Ал өзү кабылган жагдайга көңүл бурууну өтүнгөн, бийликке суранычын айткан кайрылууну 18-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келген Риклтон 2017-жылдын 9-декабрында Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга депортацияланган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери өлкөгө киргизбей коюшкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Крис Риклтон Кыргызстанга буга чейин виза режимин бузганы үчүн киргизилген эмес" деп билдирген.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде да окутуучу болуп эмгектенген. 2015-жылдан бери “France Presse” агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырган.

Риклтон Кыргызстандын жаранына үйлөнгөнүн, кызы бар экенин айтып, кыргыз бийлиги аны өлкөгө киришине уруксат беришине үмүт артарын буга чейин да айтып, бийликке кайрылган. (SE)

XS
SM
MD
LG