Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:18

Орусиядан которулган акчанын суммасы боюнча Өзбекстан эң алдыда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядан которулган акчанын суммасы боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан лидерлик кылууда.

Орусиянын Борбордук банкы тараткан кабарга ылайык, 2013-жылдын тогуз айында Орусиядан башка мамлекеттерге 9,8 миллиард доллар которулган. Анын үч миллиарддан ашыгы Өзбекстанга жөнөтүлгөн.

Расмий маалымат караганда, Кыргызстанга 1,7 миллиард, Тажикстанга 1,9 миллиард, Казакстанга 500 миллион доллар которулган.

Орусияда Борбор Азиядан барган миллиондогон мигранттар бар. Кыргызстандан кеткендер расмий эсепте 700 миңдин тегерегинде экени айтылат.

XS
SM
MD
LG