Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:14

Талаш жараткан төш белгилер депутаттарга бериле баштады


Жергиликтүү кеңештин депутаттарына даярдалган төш белгилер.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарына даярдалган төш белгилер.

Жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттардын талаштуу төш белгилери эки жылдан соң бериле баштады. Борбордук шайлоо комиссиясы 18-декабрда билдиргендей, төш белгилер 10000 нускада даярдалган. Жалпы баасы 740 000 сом.

Борбордук шайлоо комиссия 2016-жылы 21-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында төш белгилер боюнча тендер жарыялаган. Жалпысынан тогуз миң төш белги менен тогуз миң күбөлүккө 6 миллион сомдон ашык акча коротулары айтылган. Сынакка 11 фирма катышкан. Анда ар бир төш белги үчүн 75 сомдон 450 сомго чейинки баа сунушталган.

Жыйынтыгында тендердик комиссия ар бир төш белги 380 сомдон айланган “Медальер” фирмасын утуучу деп тапкан. Бирок эң арзан бааны көрсөткөн Виталий Подстречный аттуу ишкер Мамлекеттик сатып алуу боюнча доо-арыздарды текшерген мекеме аралык комиссияга кайрылган эле.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов кайра жарыяланган тендерде Подстречный утуп, төш белгинин даанасын 74 сомдон жасап бергенин айтты.

2012-жылга чейин айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттары төш белги менен күбөлүккө кеткен чыгымды өздөрү төлөп келген. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарына атаандашкандыктан мындай эреже өзгөргөн болчу.

Жергиликтүү кеңештерде азыр 7,5 миңге жакын депутат бар. (SE)

XS
SM
MD
LG