Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Тажикстандык аялдардын 90% күйөөсүнүн каарынан коркушат


Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул өлкөнүн Статистика агенттигинин изилдөөсүнөн кийинки маалымат. Сурамжылоого 15-49 жашка чейинки 10 миң аял катышкан. Жооп бергендердин көбү кандай гана кадамы болбосун күйөөсүн кызгантып же каарына тиерин белгилешкен.

Жергиликтүү укук коргоочулар кыздар адегенде турмушка чыга электе агасынан же атасынан коркуп жашап, ал эми турмушка чыкканда коркуу сезими күчөй турганын белгилешет.

Сурамжылоого катышкан ар бир үчүнчү тажикстандык кыз-келин күйөөсүнүн ур-токмогуна же жыныстык зомбулугуна кабылганын айтып беришкен.

"International Alert" эл аралык тынчтык уюму эркектер аялын муштумдун күчү, сөгүү жана ажырашып кетүү коркунучу менен «тарбиялаганды» ылайык көрүшкөнүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG