Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Кремль: АКШ Сенатында жарыяланган баяндамалар "негизсиз"


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Сингапур. 14-ноябрь, 2018-жыл.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Сингапур. 14-ноябрь, 2018-жыл.

Кремль АКШ Сенаты Орусиянын шайлоодогу аракети боюнча баяндамасындагы маалыматтарды “негизсиз” деп атады. 

17-декабрда АКШ Сенатынын Чалгын комитети үчүн даярдалган баяндамалар жарыяланган. 

Документтерде Орусия эл жапырт колдонгон "Facebook", "Twitter", "Instagram" жана "YouTube" социалдык сайттары аркылуу 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого таасир этип, Дональд Трамптын жеңип чыгышына көмөктөшкөнү айтылат. 

Иликтөөнү Оксфорд университетинин жана «Graphika» компаниясынын талдоочулары жүргүзүшкөн. 

Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 18-декабрда телефон аркылуу журналисттер үчүн билдирүүсүндө Кремль андагы маалыматтар "негизсиз" деп эсептей тургандыгын айтты. 

- Биз кайрадан макул эмеспиз. Биз муну эч нерсеге негизделбеген ырастоо деп эсептейбиз. Орусиянын, орус өкмөтүнүн эч кандай кийлигишүүгө (шайлоого кийлигишүү) тиешеси жок, өзгөчө мына ушундай абстракттуу сүрөттөлгөн кийлигишүүгө, - деди Песков. 

Трамп өзү буга чейинки сөздөрүндө АКШнын чалгын жамаатынын “2016-жылдагы шайлоого Орусия кийлигишти" деген бүтүмүн кабыл алган. Бирок ал шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун улам-улам билдирип жүрөт.

 

XS
SM
MD
LG