Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Жогорку Кеңеш "Коопсуз шаар" долбоорун талкуулайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе бүгүн, 19-декабрдагы сессиянын күн тартибине биринчи болуп киргизилди. Депутаттар долбоорду ишке ашыруу тууралуу өкмөттүн маалыматын угушат.

Буга чейинки сессияларда долбоорду талкуулоо күн тартибиндеги эң акыркы маселе болуп, улам артка жылып келаткан.

Ага чейин долбоор тууралуу учкай гана сөз болуп, депутаттар арасында бул маселе "атайын акыркы болуп коюлуп, кенен талкуулоого мүмкүнчүлүк берилбей жатат" деген нааразылык чыккан. Ошондой эле долбоорду азыркы баадан "үч эсе арзан бүткөрсө болмок" деген пикирлер айтылган.

Бир нече жылдан бери талаш жаратып, алдыга жылбай келаткан «Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега" радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Аталган компания быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде жеңип чыккан.

Бирок тендердин жыйынтыгы соттук териштирүү менен коштолуп, жыйынтыгында «Веганын» жеңиши негиздүү деп табылган. (NT)

XS
SM
MD
LG