Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуу боюнча 125 кылмыш ишин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мамлекеттик сатып алуу боюнча 125 кылмыш ишин козгоду.

Мындай маалымат 18-декабрда башкы көзөмөл органынын координациялык жыйынында айтылды.

Маалыматка караганда, мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзам бузулган учурларды аныктооонун эсебинен казынага 43 миллион сомдон ашык каражат кайтарылган.

Кыргызстанда буга чейинки өз алдынча иликтөөлөр мамлекеттик сатып алуу тармагында жемкордук көп экенин көрсөткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG