Вашингтондо, Колумбия округунун федералдык сотунда судья АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Майкл Флиннге карата чечим чыгарган жок. Ал маселени кийинкиге калтырды.
Буга чейин Американын атайын прокурору Роберт Мюллер Майкл Флиннди эркинен ажыратпоону сотко сунуш кылганы кабарланган. Айыптоочу тарап Флинн тергөөгө Орусиянын 2016-жылда АКШда өткөн президенттик шайлоого киришкени тууралуу маанилүү маалымат бергенин билдирди.
Атайын прокурор көрсөткөн документтерде Флинн 19 жолу суракка алынганы жазылган.
Майкл Флинн президент Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болуп 24 күн эле иштеген. Ал вице-президент Майк Пенске Орусиянын ошол кездеги элчиси Сергей Кисляков менен байланыш боюнча жалган маалымат бергени билинген соң кызматтан кеткен.