Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

Бишкекте алыш күрөшүнөн эл аралык мелдеш башталды


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыш күрөшүнөн мелдешке чыккандар. Сентябрь, 2018-жыл.

Бишкекте 19-декабрда алыш күрөшүнөн эл аралык мелдеш башталды. Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп жаткан таймаш Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналат.

Мелдешке Борбор Азия мамлекеттеринен, Монголиядан, Беларустан, Ирандан жана Орусиядан 300дөн ашык балбан келерин "Азаттыкка" Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын басма сөз катчысы Максат Кутманбеков билдирди.

Бир күндүк турнир жашы 18ден өйдө эркектер жана кыз-келиндер ар кандай салмакта күч сынашат. (SE\ECh)

XS
SM
MD
LG