Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Жээнбеков: Кол тийбестик боюнча мыйзам мага да тиешелүү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кол тийбестик боюнча мыйзам Атамбаевге каршы жазылган эмес.

Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков билдирди:

- Бул Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзам. Ал мага да тиешелүү. Ар адам кийинкисин ойлош керек. Менин атам “мамлекеттин укуругу узун” деп айтчу. Баарыбыз мыйзам алдында бирдей болушубуз керек. Экс-президентти кандай учурда жоопко тартуу жобосу даана ,так жазылышы зарыл. Мен эч кимди жоопко тартпайм, мыйзам, тиешелүү органдар жоопко тартат.

Кыргызстанда экс-президент деген макамы бар мурдагы өлкө жетекчилеринин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG