Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Жээнбеков: Коррупционерлердин тизмеси узарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жазага тартылышы керек болгон коррупционерлердин тизмеси дагы узарат. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди.

Журналисттер ага шайлоо маалында 35 адамдан турган коррупционерлердин тизмеси бар экендиги тууралуу сөзүн эске салышты. Анда Райымбек Матраимов канчанчы орунда экени боюнча суроо берилди.

Жээнбеков бул тизме узара турганын айтты. Бирок анда Матраимов бар же жок экенин айткан жок. (EBM)

XS
SM
MD
LG