Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:03

Жээнбеков: Мөөнөтүм бүткөндөн кийин президент да, депутат да болбойм (видео)


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кызматынан кеткенден кийин кайрадан бийликке талапкерлигин койбойт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди:

- Мен кийин президенттикке, депутаттыкка талапкерлигимди койбойм. Партия лидери да болбойм. Алты жылдан кийин президенттиктен кеткенден кийин кызматымды эсен-аман тапшырып, эл арасында жакшы-жаманда чогуу болуп, аралашып жүргөндү каалайм.

Ошону менен катар мамлекет башчысы өзүнөн кийин бийликке келүүнү каалагандарга бирдей атаандаштык шарт түзүп берүүгө аракет кыларын айтты.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылы шайланган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG