Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:40

КСДП: Жээнбеков Бабановго байланыштуу туура эмес маалымат берди


Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө. 2017-жыл.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубева президент Сооронбай Жээнбеков "Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес" деп туура эмес сүйлөгөнүн билдирди.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Өмүрбек Бабановдун ортосунда сүйлөшүү болгонун айтты:

-Муну экс-президент өзү интервьюсунда айткан, аны Бабановдун жакын партиялашы Руслан Казакбаев да тастыктаган. Демек, эки киши айтып жатса, үчүнчү киши "жок" десе, кимисине ишениш керек? Эки кишинин айтканынабы же бир кишигеби? Коомчулук өзү баа берип алса болот. Атамбаев, Жээнбеков, Бабанов бир столдун үстүндө маектешкен эмес, бирок сүйлөшүүлөр болгон.​

Алмазбек Атамбаев жакында “Апрель ТВ” телеканалындагы маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Бишкектеги басма сөз жыйынында андай сүйлөшүү болбогонун айтты.

Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековдон утулуп калган. Кийинчерээк ага кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткен.

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG