Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Карамушкина: Матраимовдун маселеси бул бийликтин тушунда чечилбейт


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупцияга байланышкан иштери азыркы бийликтин тушундай далилденбейт. Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) депутаты Ирина Карамушкина "Азаттык" радиосуна ушундай пикирин айтты.

Депутат бул оюн "президент Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовду калкалап келатканы" менен негиздеди.

Карамушкина 19-декабрда мамлекет башчы басма сөз жыйынында Матраимовго байланыштуу суроолорго алгылыктуу жооп бербегенин белгиледи.

Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган.

Өткөн айда "Апрель" телеканалындагы маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду "Райымбек Матраимовго болушкан" деп билдирген.

Бишкектеги басма сөз жыйынында бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берген президент “Азаттык” радиосунун Матраимовдун байлыгы тууралуу телеберүүсүндө келтирилген жүйөлөр текшерилерин айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG