Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Кадырбеков: президенттин жооптору анын рейтингин түшүрөт


Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйынында коомдун бүйүрүн кызыткан суроолорго берген жообу формалдуу гана болгонун сынга алды.

- Баарын мыйзамга такап жатпайбы. Текебаев жана Бабановго байланыштуу суроолорго "сот гана чечет" деди. Райымбек Матраимовго байланышкан суроого деле ушул өңдүү жооп берип: "Эмне үчүн сегиз жылдан бери унчукпай жүрүп, эми менден эмне талап кыласыңар?" дегендей кылды. Бул - "эч нерсени өзгөртө албайм, азыркы жагдай мени канааттандырат" дегени. Бул анын рейтингине таасир тийгизет. Бир-эки жылдын ичинде ушул жүйөлөргө байланып калат. Маселени жаңысында чечип алса, кийинки реформаларга мүмкүнчүлүк болмок, - деди Даниел Кадырбеков.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйыны 19-декабрда болуп, ага жергиликтүү жана эл аралык басылмалардын журналисттери катышты.

XS
SM
MD
LG