Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Парламент Майыптардын укугу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо маселесин карайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 20-декабрда Майып адамдардын укуктарына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) конвенциясын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун карайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-ноябрда аны Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган.

БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган бул конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы кол койгон, бирок андан бери парламент ратификациядан өткөрө элек болчу.

Конвенциянын башкы максаты - майып адамдардын укуктарын коргоо. Эгер парламент аны ратификацияласа, бийлик майыптардын бардык тармактарда иштешине, жараяндарга катышуусуна шарт түзүшү керек. Өкмөт аны ишке ашыруунун каржылык себептерине такап, 2011-жылдан бери документти парламентке сунуш кылбай келген.

Расмий маалыматтарга ылайык, ушу тапта Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Буга чейин өлкөдө 177 миң майып адам бар экени, анын 29 миңи балдар экени айтылып келген. Мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптарга шарт жоктугу эл арасында сындалып жүрөт.

XS
SM
MD
LG