Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Ысык-Көлдө катуу шамалдан жабыркаган турак жай ээлерине кепилдик сертификаттарын тапшырып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун өкүлү Нурсултан Чекиров билдирди. Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдар катталган Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунан жана Каракол шаарынан 20 турак жайга жана 1 социалдык обьектиге жалпысынан 850 000 сомдон ашык акча төлөндү.
Облус боюнча зыян тарткан турак жай ээлеринен арыздар дагы эле келип жатат.
Ысык-Көл облусунда 1-декабрга караган түнү катуу шамал болгон. Анда 30га жакын социалдык объект, төрт мамлекеттик мекеме, 400дөн ашуун үй, алты пансионат, чарбалык жана жеке менчик мекеме, автоунаа зыян тарткан.
Облус боюнча материалдык чыгым 16 688 220 сомго бааланган. (AsM)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө