Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Башкы прокурор Оштогу айрым судьяларга кылмыш ишин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Ош шаардык сотунун төрагасынын орун басарына жана судьясына, Ош облустук сотунун судьясына жана мурдагы судьясына кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, шектүүлөр "2016-жылдын декабрында жана 2017-жылдын мартында Кыргызстанда оор кылмышка айыпталып камалган тажик жаранынын пайдасына чечим чыгарган, камактагы адам мыйзамсыз бошотулган" деп айыпталууда.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 328-берене ("Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу") менен иликтенип жатат.

Материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG