Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Литва Орусиянын бир нече “тыңчысын” камакка алды


Литванын президенти Даля Грибаускайте.
Литванын президенти Даля Грибаускайте.

Литванын башкы прокурору Эвалдас Пашилис 19-декабрда жарыялагандай, бул өлкөнүн өзүнүн камакка алынган бир жаранына Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган.

Бирок башкы прокурор канча киши камакка алынганын ачык айткан жок. Кылмышка шектүү катары учурда камакта олтургандардын бири Альгридас Палецкис - орусиячыл көз-караштары менен белгилүү саясатчы. 2004-2007-жылдары парламент депутаты болгон.

Орусия Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Литвадагы камоолорду “кезектеги русофобиялык кадам”, “демократиялык укуктар менен эркиндиктердин артка кетиши” деп мүнөздөдү.

Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялоосу коңшу өлкөлөрдө камтамачылык жараткандан тарта Литвада Москванын тыңчысы катары айыпталгандар буга чейин да болгон.

Орусиянын тыңчысы деп шектелген бир кишинин иши азыр сотто каралып жатса, алтоонун үстүнөн али тергөө жүрүүдө.

2017-жылы июлда Вильнюстун соту өлкө бийлиги Орусиянын атайын кызматынын адамы деп санаган Николай Филипченкону 10 жылга абакка кескен.

Ал Литва президенти Даля Грибаускайтенин үйү менен кеңсесине тыңшоочу жабдууларды орнотуу максатында жергиликтүү кызматчыларды азгырууга аракеттенген деп айыпталган. (UE)

XS
SM
MD
LG