Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

Чүйдө көчөдө калган наристенин ата-энеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй районунун Бурана айылында көчөдө калган бир жарым жаштагы наристенин ата-энеси табылды. Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева окуянын чоо-жайы милиция менен кошо такталып жатканын айтты. 

- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да жок экен. Чүй ооруканасынан Токмоктогу балдардын атайын реабилитациялык борборуна которулду. Документи жасалып бүткөн соң ата-энесине берилет. 

Баланы жергиликтүү тургундар өткөн аптада эртең менен жолдон кийимдери салынган баштыгы менен кошо таап алышкан. Милиция наристени ооруканага жеткиргени маалымат каражаттары аркылуу 19-декабрда кабарланган. 

Саламаттык сактоо министрлигинин адистери анын ден соолугу жакшы экенин билдиришти. 

XS
SM
MD
LG