Кыргыз өкмөтү Климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ратификациялоого бут тосуп жаткан кызматкерлерин жазалашы керек. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ушундай талап коюлду.
"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Экмат Байпакпаев Тышкы иштер министрлиги жана Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги бири-бири менен кат жазышып, бир чечимге келе албай жатканын сындады:
- Өнүккөн өлкөлөр бул программага 100 миллион доллар бөлүштү. Биз ратификация кылмайынча ал каражат Кыргызстанга келбейт. Эки мекеме бири-бирине шылтап, эки жылдан бери эч кандай иш жүрбөй жатат.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алдында уюштурулуп жаткан конференциянын негизги максаты - Париж келишиминин шарттарын ишке ашыруунун жолдорун талкуулоо. Кыргызстан Париж келишимине 2015-жылы кол койгону менен, аны ратификациялабаган 13 өлкөнүн катарында турат.
Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстандан башка бардык мамлекеттер бул келишимди ратификациялаган.
Экология жаатында иш алып барган активисттер Кыргызстан Париж келишимин ратификациялоо менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болорун байма-бай айтып келишет. (RK)