Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Кодуранованы вице-спикерликтен алуу боюнча добуш берүү жабык өтмөй болду


Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Асел Кодуранованы бул кызматтан чакыртып алуу боюнча добуш берүү жабык электрондук ыкма менен өтмөй болду.

Маселе парламенттин күн тартибине бүгүн КСДП фракциясынын сунушу менен киргизилди.

Парламенттин КСДП фракциясы 14-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракциянын атынан сунушталган депутат Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алууну чечкен. Бул чечимди фракциянын депутаты Ирина Карамушкина айыптап, Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан кетишин анын саясатчы Өмүрбек Бабановдун маселесин күн тартибине чыгарууну добушка койгону жана экс-президенттин кол тийбестигин ала турган мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

Кодуранова вице-спикерлик кызматка 2017-жылы шайланган. (RK)

 

XS
SM
MD
LG