Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Сулайманов Жумабековго: Бүгүн сизге ишенбестик көрсөтөбүз (видео)


Дастан Жумабеков жана Алтынбек Сулайманов.

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов төрага Дастанбек Жумабековго ишенбестик жарыялаш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламентте вице-спикер Асел Кодуранованын маселеси каралып жатканда айтты.

Депутат менен төрага маселени күн тартибине киргизүү жана добуш берүү ыкмасын тандоо тууралуу талашып, айтыша кетишти.

Сулайманов Жумабековду "туура эмес кылып жатасыз" деди:

- Сиз актанбаңыз, сиз туура эмес кылдыңыз! Эгер ушундай кыла берсеңиз үчөөңдү тең ротация кылышыбыз керек. Түшкүлө, үчөөң тең. Алмаштыралы баарыңарды!

- Сиз "түшкүлө" деп айтканга укугуңуз жок. Мыйзам бар.

- Укугум бар.

- Анда мыйзам менен келиңиз. “Түшкүлө” дегидей эмне, бул жер сиздин ордуңузбу?

- Ишенбестик көрсөтөбүз сизге бүгүн!

Ага чейин КСДПнын лидери Иса Өмүркулов фракциянын Кодуранованы вице-спикерликтен кайра чакыртып алуу жана добуш берүүнү жабык электрондук ыкма менен өткөрүү сунушун киргизген. Төрага Жумабеков сунушту добуш берүүгө коюп, ал көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.

Бирок айрым депутаттар мында регламент жана процедура бузулганын айтып чыгышты.

КСДПнын мүчөсү Мурадыл Мадеминов фракциянын Кодуранова тууралуу чечими “регламентти одоно бузуу менен кабыл алынганын” айтты.

Парламенттин КСДП фракциясы 14-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракциянын атынан сунушталган депутат Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алууну чечкен.

Кодуранова вице-спикерлик кызматка 2017-жылы шайланган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (18)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG