Албания "өлкөнүн улуттук коопсуздугуна зыян келтирген иш-аракеттерге аралашты" деген жүйө менен Ирандын эки дипломатын өз аймагынан чыгарды. Бул тууралуу албан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эдлира Пренди 19-декабрда журналисттерге билдирди.
"Associated Press" маалымат агенттиги кабарлагандай, албан өкмөтү мындай чечимин башка өлкөлөр менен, алардын ичинде Израил менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алган. Албания дипломаттардын тек-жайын жана аты-жөнүн жарыялаган жок.
Бирок АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "Албаниянын премьер-министри Эди Рама Ирандын элчисин өлкөдөн чыгарганын, муну менен Иран лидерлеринин террорчулукка көрсөткөн колдоосуна чыдоо мүмкүн эмес экенин көрсөткөнүн" "Твиттердеги" барагына жазды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео өз билдирүүсүндө дипломаттарды "Албанияда террорчул чабуул уюштурууну көздөгөн ирандык эки агент" деп мүнөздөдү.
Ирандын бийлиги бул тууралуу расмий маалымат бере элек. "Reuters" агенттиги Тиранадагы ирандык дипломаттар бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартканын кабарлады.
Тирана менен Тегерандын алакасы Албания 2013-жылы "Иран элинин можахеддер уюму" аттуу оппозициялык топтун 2 миңге чукул мүчөлөрүнө баш калка бергенден бери чыңалган абалда.