Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Асел Кодуранова вице-спикерликтен алынды (видео)

Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен алынды. Фракциянын бул тууралуу сунушун бүгүн парламентте жыйынга катышкан 111 депутаттын 92си колдоп, 19у каршы добуш беришти.

Парламенттин КСДП фракциясы 14-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракциянын атынан сунушталган депутат Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алууну чечкен.

Кодуранова вице-спикерлик кызматка 2017-жылы шайланган.

КСДПнын айрым өкүлдөрү фракциянын чечими мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG