Орус президенти Владимир Путин өткөн айда Керч кысыгында болгон жаңжалды кайрадан украин бийлигинин чагымы катары баалады. Ал Москвадагы басма сөз жыйынында украин президенти Петро Порошенко мындай кадамга баруу менен шайлоо алдында өз рейтингин көтөрүүгө аракет кылып жатканын айтты.
"Чагым дайыма жаман. Ал кырдаалды курчутууга гана багытталат. Украин өнөктөштөрүбүзгө бул эмне үчүн керек болду? Шайлоо жакындап келе жатканы түшүнүктүү. Өз өлкөсүнө гана зыян келтирүүдө. Балким рейтингди көтөрүүгө гана жардам берди. Петр Алексеевичтин рейтинги 5-орундан 2 же 3-орунга көтөрүлдү окшойт",-деп жооп берди журналисттин суроосуна президент Путин.
25-ноябрда Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Кара деңизден Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын кадамын “агрессия” деп атаган. Орус президенти кармалган украин аскерлеринин тагдыры тергөөнүн жыйынтыгына жараша чечилерин айтты.
Владимир Путин бүгүн президент катары 14-жолу жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынынын өткөрүп жатат. Ага рекорддук сандагы же 1700дөн ашык журналист катышып жатканы кабарланды.