Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Луазо: Франция ИМ тобуна каршы күрөштү улантат


Сириядагы күрт кошуундары жана америкалык аскерлер. 29-апрель, 2017-жыл.
Сириядагы күрт кошуундары жана америкалык аскерлер. 29-апрель, 2017-жыл.

АКШнын Сириядан аскерлерин чыгаруу боюнча чечимине карабастан Франция Жакынкы Чыгыштын бул өлкөсүндөгү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы коалициянын операцияларына катыша берет. Бул тууралуу Франциянын Европа иштери боюнча министри Натали Луазо 20-декабрда журналисттерге билдирди.

"Албетте, азырынча биз Сирияда кала беребиз. Террорчулукка каршы күрөш аяктай элек", - деди француз министри.

Анын алдында Улуу Британиянын өкмөтү да билдирүү таратып, анда Сириядагы ИМ тобуна каршы күрөштө дагы көп иш жасалышы керек экенин белгиледи.

"Биз алардын коркунучун көз жаздымда калтырбашыбыз керек. ИМ тобу көзөмөлдөгөн аймагы жок болсо да коркунуч бойдон кала берет", - деп айтылат ал билдирүүдө.

Шаршембинин кечинде АКШнын президенти Дональд Трамп "Твиттердеги" видео кайрылуусунда америкалык аскерлер Сириядан чыга турганын билдирген.

"Биз "Ислам мамлекети" тобуна каршы жеңишке жетиштик. Аларды катуу зыянга учураттык. Биз жерлерди артка кайтардык. Эми биздин күчтөргө үйгө кайтууга мезгил жетти", - деп айткан Трамп. Ак үйдүн мындай планын Конгресстеги бир катар республикачылар менен демократтар сынга алышууда.

Сирияда азыр АКШнын 2000дей аскери бар. Алар ИМ тобуна каршы күрөштө негизинен жергиликтүү күрт жана араб кошуундары менен кызматташып келет.

XS
SM
MD
LG