Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Райымбек Матраимовдун ишин кароо 28-декабрда уланат


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышкан ишти кароону 28-декабрда улантмай болду. 20-декабрдагы отурумда сот өкмөт өкүлүнө тийиштүү документтердин түп нускасын алып келүүнү талап кылды.

Кыргыз өкмөтү райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен 17-августта кайрылган. Ага чейин, 25-июлда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG