Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Бразилия: башкы прокурор президент Темерге айып койду


Мишел Темер
Мишел Темер

19-декабрда Бразилиянын башкы прокурору өлкө президенти Мишел Темерге коррупция жана арам акчаны адалдоо боюнча айып такты. Бул ишти көзөмөл органы бир нече айдан бери иликтеп жүргөн. Прокуратуранын маалыматында президент 2017-жылкы портторду колдонуу келишимдерин дагы жетимиш жылга чейин узарткан жарлыгы үчүн "пара алган" деп айтылат.

Президенттик администрация мындан бир да "компания мыйзамсыз пайда көрбөгөнүн Темер далилдейт" деген билдирүү таратты. Өлкө башчысына байланыштуу сот иши парламенттин уруксатысыз башталбайт. Бирок 1-январдан тарта Темердин президенттик мөөнөтү бүткөндүктөн, аны жоопко тартуу үчүн депутаттардан уруксат алуу зарылдыгы болбойт.

28-октябрда Бразилиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында оңчул конгрессмен Жаир Болсонару жеңген.

XS
SM
MD
LG