Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Халилзад: “Талибандын” тынчтык ниети күмөн санатууда


АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабулда журналисттер менен жолугууда, 18-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабулда журналисттер менен жолугууда, 18-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад "Талибан" кыймылынын ооган жергесиндеги 17 жылдык согушту басууга аракети жоктугун белгилеп, кыймылдын мүчөлөрү Кабул өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө келүүдөн баш тартканын билдирди.

20-декабрда Халилзад оогандардын “Ариана” маалымат агенттиги менен болгон маегинде “алар дагы кандай кадам жасарын күтүшүбүз зарыл” деди.

Чабармандын айтканына караганда, ооган өкмөтү согушту аяктоого кызыкдар болгону менен “Талибан” кыймылынын “чындап тынчтыкка умтулганы күмөндүү”.

Халилзад ушул аптанын башында Абу Дабиде “Талибандын” өкүлдөрү менен бетме-бет кезиккен. Ага Сауд Аравиясы менен Пакистан да катышкан. Бириккен Араб Эмирлиги сүйлөшүүлөрдү “бардык кызыкдар тараптар үчүн позитивдүү” деп баалаган. Бирок атайын чабарман талибдердин 12 кишиден турган ооган делегациясы менен жолугушкусу келбегенин “калпыстык” деп баалады.

“Эгер "Талибан" чындап тынчтыкты кааласа, алар ооган өкмөтү менен жолугуп, Ооганстандын келечектеги саясий түзүлүшү боюнча кепке келиши керектигин” белгиледи.

“Талибан” учурда Ооганстандын жарымынан көп аймагына ээлик кылат. Ал Батыш мамлекеттери колдогон өкмөттүк күчтөргө каршы ондогон аскерлердин жана карапайым адамдардын өмүрүн алган чабуулдарды уюштуруп келатат.

Ооганстанда НАТОнун 14 миңдей аскери бар. Алар негизинен жергиликтүү аскерлерди окутуу менен алектенет.

XS
SM
MD
LG