Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Отунбаева парламент Текебаев маселесин көтөрбөгөнүнө өкүндү


Роза Отунбаева темир тор аркылуу Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүп жатат. 22-июнь, 2017-жыл.
Роза Отунбаева темир тор аркылуу Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшүп жатат. 22-июнь, 2017-жыл.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Жогорку Кеңеш Өмүрбек Текебаевдин маселесин көтөрбөй жатканын сынга алды. Ал бүгүн Бишкекте кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып ушундай пикирин айтты. Отунбаева парламентаризмди өнүктүрүүгө Текебаев сыяктуу салым кошкондор аз экенин белгиледи:

- Бул мааракенин жүрүшүндө Текебаевдин маселеси көтөрүлүшү керек болчу. Президент Текебаев боюнча соттун бардык баскычтарында чечим кабыл алынып калганын айтууда. Бирок ага карата сот кандай жүргөнүн билебиз. Жада калса акыркы сөзүн айтууга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Экс-президент Текебаевди эртең эле бошотуу жөнүндө сөз болбосо да, ага актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деп эсептей турганын кошумчалады.

19-декабрда жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албай тургандыгын, себеби соттун бардык инстанцияларынын чечими чыгып калганын, бирок мыйзам боюнча ага мунапыс бере аларын айткан.

Бирок Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айып негизсиз экенин, андыктан ырайым суроого негиз жок экенин белгилеп келе жатышат.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган. Азыр алар түрмөдө.

Бүгүнкү жыйында Текебаевдин иши акыйкат каралышы керектигин кыргыз парламентинин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов жана Абдыганы Эркебаев да айтышты. (BkA)

XS
SM
MD
LG