Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Казакстанда "жихадчылык" боюнча айыпталгандарга өкүм чыкты


Айыпталуучулар (солдон оңго): Оралбек Омыров, Алмат Жумагулов и Кенжебек Абишев.
Айыпталуучулар (солдон оңго): Оралбек Омыров, Алмат Жумагулов и Кенжебек Абишев.

Казакстанда "куралдуу жихадга чакырды" деп айыпталган үч киши узак убакытка түрмөгө кесилди. Алматынын соту 21-декабрдагы өкүмү менен Кенжебек Абишевди, Оралбек Омыровду жана Алмат Жумагуловду террорчулук идеяларын жайылтууга күнөөлүү деп тапты.

Сот ошондой эле 44 жаштагы Жумагуловдун "улут аралык кастыкты козутканы" аныкталганын билдирди. Натыйжада ал жана 48 жаштагы Омыров сегиз жылга, 52 жаштагы Абишев жети жылга эркинен ажыратылды.

Үчөө тең Алматынын тургундары. Алар былтыр ноябрь айында кармалган.

Прокурорлор бул адамдарды "тыюу салынган "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын идеяларын жайылтуу менен "куралдуу жихад" уюштурууну көздөшкөн" деп айыптаган.

Бозгундагы казак олигархы, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов негиздеген "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын сот быйыл март айында террорчул уюмдардын катарына кошкон.

Соттолгон үч адам тең айыптарды четке кагып, өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук катары мүнөздөшкөн.

XS
SM
MD
LG