Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Аблязов адам өлүмү боюнча сыртынан соттолду


Мурдагы казак банкири Мухтар Аблязов.
Мурдагы казак банкири Мухтар Аблязов.

Бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязов сыртынан өмүр бою абакка кесилди. Жамбыл облусунун район аралык соту аны 14 жыл мурда "киши өлтүрүүнү уюштурган" деп тапты. Учурда чет өлкөдө жүргөн саясатчы бул айыпты өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып келет.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин бийлигин сындап келе жаткан оппозициячыл саясатчы, мурдагы банкир Мухтар Аблязовго 27-ноябрда кезектеги сот өкүмү чыкты.

Казакстандын Тараз шаарында жайгашкан Жамбыл облусунун район аралык соту аны 2004-жылы "ТуранАлем" банкынын башкы менеджери жана кожоюндарынын бири Ержан Татишевди "өлтүрүүнү уюштурган" деп тапты. Натыйжада мурдагы энергетика министри жана экс-банкир Аблязов өмүрүнүн акырына чейин сыртынан абакка кесилди.

- Сот өкүм кылат, Аблязов Мухтар Кабулович Казакстандын Кылмыш кодексинин 28-, 96-беренелеринде каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылсын жана ага өмүрүнүн акырына чейинки абак жазасы берилсин, - деп окуду өкүмдү судья Кенжегали Кенжебеков.

Ержан Татишев 2004-жылы каза тапкан. Тергөө анын өлүмүнө "аңчылык учурундагы кокустук" себеп болгон деген тыянакка келген.

Татишевдин өлүмү боюнча абакка кесилген Токмади жубайы Жамиля менен.
Татишевдин өлүмү боюнча абакка кесилген Токмади жубайы Жамиля менен.

Окуя маалында Татишев менен чогуу жүргөн бизнесмен Муратхан Токмади "этияттык кылбай адамдын өлүмүнө себепчи болду" деп айыпталган. Ал бир жылга эркинен ажыратылып, кийин мунапыс менен бошотулган.

Бирок 2017-жылы бул иш кайра каралып, Токмади Татишевди өлтүргөнүн мойнуна алып, бул кадамга Абзяловдун буйругу менен барганын билдирген. Натыйжада Токмади быйыл март айында 10,5 жылга эркинен ажыратылган.

Бул өкүмдөн бир ай өтпөй Казакстандын Башкы прокуратурасы Аблязовго Ержан Татишевди «өлтүрүүнү уюштурган» деген айып тагып, ага жаңы кылмыш ишин ачкан. Казак соту бул ишти 12-октябрда карай баштаган.

Прокуратура Аблязовду маркум Татишевдин мүлкүнө ээ болуу үчүн Токмадинин жардамы менен анын көзүн тазалаган деп айыптаган.

Аблязов айыптарды четке кагууда

2009-жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан Аблязов Татишевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жоктугун, Токмади менен да тааныш эмес экенин буга чейин бир нече жолу социалдык тармактарга жазган.

Аблязовдун айыптарды четке кагып, бул ишти саясат менен байланыштырган аудиосу быйыл жыл башында Интернетке жарыяланган:

- Бийликтин бул айыпты түзүп чыкканынын себеби, мен 2016-жылдын 9-декабрында [Франциядагы] түрмөдөн чыккандан кийин дароо казак бийлигинин алмашуусун көздөй турганымды, саясий күрөш баштаарымды жарыялагам. Назарбаев менен анын жан-жөөкөрлөрүнүн жоопко тартылышын максат кылаарымды билдиргем. Албетте, мени жакшы билген бийлик сестенип калып, мага чабуул коюуга даярдана баштаган.

Аблязов француз түрмөсүнөн бошотулгандан кийин, 9-декабрь 2016-жыл.
Аблязов француз түрмөсүнөн бошотулгандан кийин, 9-декабрь 2016-жыл.

Аблязов 2017-жылдын жазында "Казакстандын демократиялык тандоосу" аттуу кыймылдын ишин жандандырганын жарыялаган. Ал президент Нурсултан Назарбаевге жана анын тарапкерлерине каршы күрөшкөн бардык адамдарды бул кыймылга кошуулууга чакырган.

Көп өтпөй казак бийлиги анын кыймылын "экстремисттик уюмдардын" катарына кошкон. Ага ылайык, басма сөз каражаттарына "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылы тууралуу маалымат таратууга же аны пропагандалоого тыюу салынган. Мындан тышкары аталган кыймылдын материалдарын Интернетте бөгөт коюу чечими кабыл алынган.

Аблязов 2017-жылы да "каражаттын изин жашырган", "кызматынан кыянат пайдаланган" жана "кылмыштуу топ түзгөн" деген айыптар менен Казакстанда 20 жылга сыртынан абакка кесилген.

Европада жүргөнү айтылган Аблязовду Казакстан гана эмес, Орусия жана Украина да финансылык көз боёмочулук боюнча айыптап, издөө жарыялаган.

2016-жылы мурунку банкир үч жарым жылдан бери камалып турган Франциядагы түрмөдөн өлкөнүн Жогорку административдик соту аны Орусияга экстрадициялоо тууралуу буйрукту жокко чыгаргандан кийин бошотулган.

2017-жылы жайында Интерпол Аблязовду издөөдөгү адамдардын тизмесинен чыгарганы кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG