Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

АКШ: бюджет мыйзамы боюнча мунаса табыла элек


Америкалык конгрессмендер отурган Капитолий имараты.
Америкалык конгрессмендер отурган Капитолий имараты.

Президент Дональд Трамп АКШнын түштүгүнө дубал курууга сарптала турган каражат камтылбаган бюджет мыйзамына вето коёрун эскертти.

Ал 21-декабрда Конгрессте бюджет кабыл алынбай калса, анын натыйжасында федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтой турган болсо, анда буга демократтар жооптуу болоорун "Твиттерге" жазды.

Федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылууга бөлүнгөн каражат Вашингтон убактысы боюнча жума күнү түн ортосунда түгөнөт. Жаңы каржы келиши үчүн Конгресс бюджет мыйзамын жактырышы керек.

Президент Трамп бул бюджетке АКШнын чек арасында дубал курууга сарптала турган 6 миллиард долларды киргизүүнү талап кылууда.

Бир күн мурда мынча каражат камтылган бюджет мыйзамын Конгресстин Өкүлдөр палатасы жактырды. Бирок ал Сенаттын кароосунан өтпөй калышы мүмкүн деген жоромолдор айтылууда. Демократтар президент Трамптын дубал куруу планына каршылыгын билдирип, ага акча бөлгөн бюджет мыйзамын четке кагышаарын айтышууда.

Республикачылар Сенатта көпчүлүктү түзгөнү менен бюджет мыйзамын өткөрүү үчүн айрым демократтардын добушуна муктаж.

Эгер бул маселе боюнча президент Трамп жана Конгресс түн жарымына чейин мунаса таба алышпаса, анда федералдык өкмөттүн 800 миңден ашык кызматкери акча төлөнбөгөн эс алууга чыгууга же айлыксыз иштөөгө аргасыз болот.

XS
SM
MD
LG