Жумгал районунунун 29 жаштагы тургуну 47 жаштагы аялды, анын төрт жана жети жаштагы неберелерин өлтүрүүгө шек саналып кармалды.
Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Медина Султаналиева “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, 21-декабрда райондук Көк-Ой айылында жеке турак жайда өрт болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Үйдөн аялдын жана эки баланын сөөгү табылган.
Тергөө маалында экспертиза дайындалып, 47 жаштагы аял жана анын төрт жаштагы небереси зордукталып, кылмыштын изин жашыруу максатында үй өрттөлгөнү маалым болду.
- Тергөөдө 29 жаштагы тургун менен 47 жаштагы аял үйүндө түнкү саат 11ге чейин спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Аял уктап калганда эркек төркү үйдө уйкудан ойгонуп калган төрт жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган. Ойгонуп кеткен жети жаштагы баланы, кийин уктап жаткан аялды да муунтуп өлтүргөн. Шектүү кылмышты моюнуна алды.
Учурда “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Тергөө улананып жатат. (КЕ)