Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Базар-Коргондо Текебаевдин партиялаштары жөө жүрүшкө чыкты


"Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү Базар-Коргондо жөө жүрүшкө чыгышты.
"Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү Базар-Коргондо жөө жүрүшкө чыгышты.

“Ата Мекен” партиясынын абакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин 60 жашка чыгышына байланыштуу партиялаштары Базар-Коргондо жөө жүрүш уюштурушту. Саясатчынын туулган күнү Кочкор-Атада да белгилене турганын уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлашты.

Текебаевдин туулган күнүн партиялаштары Бишкекте да белгилеп жатышат. Ага “Ата Мекендин” мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер катышууда.

Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунда, Акман айылында туулган.

60 жашка толуп жаткан Өмүрбек Текебаевдин саясаттагы жолу кайра куруу жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуу менен башталган. Андан соң Кыргызстан эгемендик алган жылдары активдүү депутат катары эл оозуна алынып, негизинен оппозициянын катарында жүрдү.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын лидерлеринин бири катары бийликке келип, бирок 2016-жылдагы Конституцияны өзгөртүү аракетинен улам ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бузулган.

Бир жыл өтпөй "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, камакка алынган.

Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. (КЕ/RsK/BkA)

XS
SM
MD
LG