Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Непалда автобус кулап, 23 киши каза болду


Непалдын батышында окуучуларды ташыган автобус капчыгайга кулап, каза болгондордун саны 23кө жетти.

14 жүргүнчү ар кандай жараат алды. Жергиликтүү Эн-ди-ти-ви телеканалы ишемби күнү кабарлагандай, каза болгондордун арасында айдоочу жана эки мугалим бар.

Кырсык жума күнү кечинде болгон. Автобус жергиликтүү коллеждин 16-20 жаштагы окуучу, сутуденттерин ташып келаткан. Анда жалпысынан 37 адам болгон. Алар окуу-практикасынан кайтып келатышкан.

Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу тоолуу аймактагы жолдо автобусту башкара албай, 700 метр бийиктиктен капчыгайга кулаган. Полиция кырсыктын себептерин текшерүүдө.

XS
SM
MD
LG