Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:13

Президент Апрель окуясынын катышуучулары менен жолукту


Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель окуясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары, коомдук уюмдун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга катышкандар учурдагы көйгөйлөр жана актуалдуу маселелер, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча пикирин билдирип, апрель революциясынын катышуучуларынын жеке турмушундагы социалдык маселелер тууралуу ойлорун ортого салышты. Президент алар көтөргөн маселелер боюнча өз пикирин айтып, суроолорго жооп берип, келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Жолугушууга “Мекен Шейиттери”, “Эр Теги”, “Баатырларга таазим”, “Апрель Баатырлары”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Апрель. Элим. Кыргызстан”, “Айкөл Таза Коом”, “Апрель байрагы”, “Элдик сакчы”, “Элдик кайрат”, “Мекен үчүн”, “Орток шамы” коомдук уюмдарынын, “Патриот” ыктыярдуу элдик кошуунунун өкүлдөрү, өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, президенттин аппаратынын кызматкерлери катышты.

2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. Анда 87 киши каза болуп, 300дөн ашуун жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG