Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

АКШнын Жогорку соту жаңы иммиграциялык эрежени колдонууга тыюу салды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын Жогорку cоту Дональд Трамптын администрациясына жаңы иммиграциялык, мыйзамсыз мигранттардын баш паанек алуусун чектеген эрежени колдонууга тыюу салды.

21-декабрда тогуз соттун бешөө Ак үйдүн апелляциясын четке какты. Трамптын администрациясы Калифорния сотунун 20-ноябрдагы токтомуна каршы жогорку инстанцияга арызданган. Судья Жон Тайгар баш паанек берүүдөгү жаңы эрежелерди колдонуу боюнча Ак үйдүн сунушуна убактылуу тыюу салган.

Ноябрда соттордун көз карандысыздыгы боюнча Трамп менен талашкан Жогорку соттун төрагасы, консерватор Жон Робертс төрт либерал судьяга кошулуп, Ак үйдүн арызын четке кагууга жардам берди.

Экөөнүн талашы Трамп Тайгарды “Обаманын соту” деп айыптагандан кийин орун алган. Робертс "Трамптын, Обаманын, Буштун соту" деген түшүнүк болбошу керектигин билдирген.

АКШ президенти Жогорку соттун чечими боюнча "Твиттерге" комментарий калтырды:

- Биздин чоң өлкөбүздүн чек арасы коопсуз болушу керек. Мыйзамсыз бирөөлөрдүн келишине бөгөт коюлушу абзел. Мыйзамдуу гана жол менен кириши керек, - деди Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп иммиграциялык саясат жөнүндө жарлыкка 9-ноябрда кол койгон. Анда мыйзамсыз иммигранттарга качкын макамы берилбей турганы айтылган. АКШдан баш паанек алууну каалаган адамдар чек араны мыйзамдуу өтүшү керектиги белгиленген.

Трамп дайындаган Жогорку соттун судьялары Бретт Кавано жана Нил Горсач администрациянын арызын колдогон.

XS
SM
MD
LG