Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Индонезияда жанар тоо атылгандан кийинки цунами 43 кишинин өмүрүн алды


5-октябрдагы зилзаладан кийинки көрүнүш.
5-октябрдагы зилзаладан кийинки көрүнүш.

Индонезияда Зонд кысыгындагы цунамиден каза болгондордун саны 43кө жетти. Куткаруучулар цунамиге Кракатау жанар тоосунун атылышы себеп болгонун белгилеп жатышат. Табигый кырсыктардын кесепети менен күрөшүү агенттигинин маалыматына караганда, 584 киши жараат алып, жүздөгөн үй жабыркады.

Кракатау – кичи аралда жайгашкан жанар тоо. 1883-жылы жанар тоо атылгандан кийин аралдын бир бөлүгү жок болгон. Ушул жылдын сентябрь айында Сулавести аралындагы зилзаладан (Чоң Зонд кысыгына карайт) эки миңден ашуун киши каза болгон.

2004-жылы Инди океанындагы зилзала 228 миң кишинин өмүрүн алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG