“Ата Мекен” партиясынын лидери, учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Ошто басма сөз жыйынын өткөрүштү. Саясатчынын 60 жылдык мааракесине арналган иш-чарада "Текебаевдин иши кайра каралып чыгышы керек" деген талап коюлду. Иш-чарага Ош облусунун жети районунан 160 киши келди. Жыйындын катышуучулары Текебаев мунапыс менен эмес, соттон акталып чыгышы керектигин белгилешти.
Өмүрбек Текебаев 22-декабрда 60 жашка толду. Саясатчынын туулган күнүн партиялаштары, тарапташтары Бишкекте, Таласта жана Жалал-Абадда белгилешти.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден “1 миллион доллар пара алган” деген айып менен былтыр февраль айында камалышкан.
2017-жылдын августунда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Коррупция" беренеси менен соттолгон эки саясатчынын ар бирин сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.
Текебаев менен Чотонов жана алардын тарапкерлери дооматтардын баарын четке кагып, Атамбаев баштаган ошол бийликтин "саясий курмандыгы" болгонун айтып келишет. (YI)