Куткаруучулар Пермь крайындагы “Уралкалий” компаниясына таандык шахтада каза болгон экинчи кишинин сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттигине окуя болгон жерде түзүлгөн ыкчам штабдын өкүлү билдирди.
22-декабрда Орусиянын Соликамск шаарында жайгашкан шахтада өрт тутанып, түтүндөн тогуз жумушчу каза болгон. Жумушчулардын өлүмү боюнча ишти Орусиянын Тергөө комитетинин борбордук аппараты иликтей баштады.
Шахтада иштеп жаткан 17 кишинин сегизи сыртка чыгууга үлгүргөн. Калган тогузу ичинде торолуп калган. Алар Пермь, Краснодар крайы жана Башкириянын тургундары. “Уралкалий” компаниясы каза болгондордун ар бирине 3 млн. рублдан бөлүп бермей болду. Кырсыкка байланыштуу аймакта аза күтүү жарыяланып, оюн-зоок программалары токтотулду.