Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Бишкектин "Тез жардам" кызматы автоматташтырылды


"Тез жардам" кызматы.
"Тез жардам" кызматы.

Бишкектин мурда “Тез жардам”, азыр Чукул медицина борбору деп аталган кызматы жаңы тартипте иштей баштайт.

Бүгүн бул мекемеде Башкаруунун автоматташтырылган системасынын бет ачары өтөт. Ага шаардык депутаттардын башчысы Жаныбек Абиров, мэр Азиз Суракматов жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышат.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматы автоматташтырылган система элди тейлөөнүн сапатын оңдоо максатында түзүлүп жатканын кабарлады.

Жардам сурап кайрылгандардын арызын кабыл алуу, иштеп чыгуу, тез жардам көрсөтүү үчүн чыга турган бригадалардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жакшырып, Интернетте атайын чөнтөк тиркемелер иштей тургандыгы айтылууда.

Долбоорду ишке ашырууга баш калаанын мэриясы шаардык бюджеттен 8 миллион сом бөлүп берген.

Бригада жетишпей, дарыгер чакырганда көптөн кийин келген учурлар бар экенин шаардыктар Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу көп айтып, даттанышат. (RK)

XS
SM
MD
LG