Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:44

Бишкекте экинчи ирет кишинин бөйрөгү алмаштырылды


Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору.
Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору.

Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда ноябрь айында бөйрөк алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү ишке ашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” борбордун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

- Мындан үч жума мурда биз бөйрөгүн алмаштырган дагы бир бейтап үйүнө жакшы болуп чыкты. Ага ноябрь айында операция жасаганбыз. Азыр ал иммуносупрестордук дарыларды ичүүдө. Кыргызстанда мындай дарыларды алып келүү маселеси да акырындап чечиле баштады, - деди Узакбаев.

2018-жылдын май айында да аталган борбордо 26 жаштагы адамдын бөйрөгү ийгиликтүү алмаштырылган.

Азыркы тапта Кыргызстан бөйрөк кемтигинен жабыркагандардын көйгөйү гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Алардын саны миңден ашык. Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, Түркия сыяктуу өлкөлөргө барууга мажбур болушууда. Ал эми Кыргызстандын шартында жасалган бул эки трансплантациянын жалпы баасы 5 миң доллардын тегерегинде болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG