Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Пакистандын тышкы иштер министри Ооганстанга барды


Президент Ашраф Гани Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши баштаган делегацияны кабыл алган учур. 24-декабрь, 2018-жыл.

Шах Мехмуд Куреши Кабулда ооган президенти Ашраф Гани менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кабулдагы иш сапарын утурлай Пакистандын тышкы саясий мекемесинин башчысы: “Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы жакшы мамиле, аны менен катар Ооганстандагы тынчтык аймактагы туруктуулук үчүн чечүүчү мааниге ээ. Пакистан Ооганстанда туруктуу тынчтык орношун каалайт”,- деп ырастады.

“Талибан” кыймылына таасири бар экени сөз болуп жүргөн Пакистан азыр АКШнын Ооганстан боюнча тынчтык жараянын кайра жандандыруу аракеттерине катышууда.

Бир жума мурда Абу-Дабиде “Талибандын” адамдары менен АКШнын, Пакистандын, Сауд Арабиясынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлдөрү жолуккан.

Америкалык маалымат каражаттарында "АКШ Ооганстандагы 14 миң жоокеринин жарымын чыгарышы мүмкүн" деген маалыматтар чыккан. Расмий Исламабад азыр ошондой чечим чыкса туура болорун билдирүүдө.

Пакистандын тышкы иштер министри Кабулга барарда президент Ашраф Гани Исламабаддын эки оппонентин күч түзүмдөрүнүн башчылыгына дайындады.

Ооганстандын Коопсуздук боюнча улуттук директоратынын мурдагы башчысы Ассадулла Халид өлкөнүн коргоо министри, ал эми чалгын кызматынын мурдагы башчысы Амрулла Салих ички иштер министри болуп дайындалды.

Жогорку кызматка кайрадан дайындалган Халид менен Салих мурдагы президент Хамид Карзайдын өкмөтүндө иштешкен. Экөө тең акыркы жылдары “Талибан” кыймылынын күч алышы үчүн Пакистанды айыптап, аны “террорго демөөрчүлүк кылган мамлекет" деп жарыялоого да чакырышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG